Демпингке каршы алымдар
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ДЕМПИНГКЕ КАРШЫ АЛЫМДАР – КР бажы аймагына экспорт кылган өлкөдөгү баага, же экспорт кылуу маалындагы өндүрүү баасына салыштырмалуу кыйла төмөнкү баада кемип түшкөн импорттук товар жөнөтүүлөрү жергиликтүү ушундай товар өндүрүүчүлөргө зыян алып келген, же зыян алып келүү коркунучун түзгөн учурларда колдонулуучу алымдар.